КЕП II
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Бир нерсенин сырткы кебетеси, калыбы, түзүлүш формасы. Үйдүн кеби жакшы. Кебин сыйрып алды эле, Кер муруту келишкен, Жигит боло калды эле. 2. Башка бир кебетеде болуу, ошого окшошуу, түспөлдөшүү үчүн кийиле турган бет кап, кийим же ошонун сырт кебетесин билдирген нерсе. Көк серкенин терисин кеп кийип алган Эмил сакалын экчей үңкүрдөн чыга берди (Сыдыкбеков). Кудай бардыр, куу Кыяз, Дуба окуп сен үчүн, Ак куу кебин кийбесем («Сейтек»). 3. Кармалган куштарды салуу үчүн кийизден жасалган баштыкча. Кеп баштык. Бүркүттүн кеби. 4. Канаттуулардын, жаныбарлардын туюк сыйрылып алынган терисинен тирүү кезиндегисине окшотуп жасалган кебете. Улардын кеби. Илбирстин кеби.